Баткен шаарынын Чет-Булак кварталынын жашоочулары таза суу берилбей жатканына нааразы

0
616

Бүгүн 29-май күнү облусттук администрациянын имаратына Чет-Булак жана Подстанция кварталынын 30дан ашуун жашоочусу ичүүчү таза суу боюнча нааразылыкка чыгышты. Алар 10 күндөн бери таза суу берилбей жатканын айтышууда. 

Чогулган эл менен облусттук бийликтен жана шаардык бийликтен өкүлдөр жолукту. Бул маселеге Баткен шаарынын вице-мэри жооп берип,  суу маселеси чечилгенин айтты.

Ал эми жашоочулар бул жоопко ишенбей тургандыгын билдиришип, бул маселени  биротоло тез арада чечип берүүлөрүн талап кылышууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here