“Аялдар тынчтык үчүн” долбоорунун жеңүүчүлөрү аныкталды

0
406

“Аялдар тынчтык үчүн” долбооруун жеңүүчүлөрү аныкталды. Буга чейин кыз-келиндер ишкердикти баштоо багытында бир катар окутуулардан өтүшкөн. Бул тууралуу “Салам Медиага” аталган долбоордун координатору Халима Усманова кабарлады.

Белгилей кетсек, бул долбоор Баткен районунун Самаркандек, Кара-Бак, Ак-Татыр, Ак-Сай айыл аймактарындагы аялдар арасында ишке ашууда. 

Долбоордун катышуучуларына өзүнө болгон ишенимди жогорулатуу жана стресске карата туруктуулук боюнча психологиялык жардам көрсөтүлөт. Мындан тышкары аялдардын лидерлиги: натыйжалуу коммуникация көндүмдөрү, медиа, каржы жана маалыматтык сабаттуулук, аялдардын чечим кабыл алуу процессине катышуу механизмдери боюнча окутуулар өткөрүлөт. Ошондой эле, бизнес планы жактырылган болсо керектүү жабдыктар сатып алып берилет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here