Ж.Жалалов:Пандемияга байланыштуу токтоп калган курулуштарды улантууга бардык мүмкүнчүлүктөр жумшалат

0
707
   КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов иш сапары менен Кадамжай районуна барды. Иш сапардын алкагында район аймагындагы курулушу башталган бир катар объектилерден кабар алды.Бул тууралуу өкүлдүн басма сөз кызматы билдирди.
     Облус башчысы алгач Кайтпас айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин курулушун көрүп чыкты. Жалпы сметалык баасы 82 млн сомго башталган 275 орундуу мектептин курулушу учурда 35пайызга аяктаган. Ал эми Актилек айылындагы 120 орунга ылайыкташкан орто мектепте, учурда 3 нөөмөттө 522 окуучу билим алууда. Аталган мектепке жакынкы 5 айылдан окуучулар келишет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн 375 орундуу мектеп куруу зарылчылыгы жаралып, долбоору даярдалган.
   Ошондой эле өкүл Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн жаны имаратынын курулушунан кабар алды. 2019-жылы курулушу башталган имарат бүгүнкү күндө 30пайызга бүткөрүлүп, мамлекеттик бюджеттен каржыланган. Курулуштун сметалык баасы 6 372 109мин сомду түзөт.
   Ал эми Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн административдик имаратынын курулушу 2018-жылы башталган. Эски имарат 2011-жылы катталган жер титирөөдөн зыян тартып, авариялык абалган келген. Каржылоо республикалык бюджеттен каралып, буга чейин 30млн сом бөлүнүп берилген.
  Ыйгарым укуктуу өкүл Жаныбек Жалалов район аймагындагы курулуш бүтпөй калган обьектилер менен таанышып, аталган маселелерди келерки жылдын бюджетине киргизүү,курулушту сапаттуу бүткөрүү боюнча бардык аракеттер жасалаарын айтты.
Өкүл иш сапарынын алкагында Кадамжай аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушунан кабар алды. Өзбекстандын колдоосу менен башталган оорукананын модулдук курулмалары учурда орнотулуп бүттү.
Иш сапар андан ары Марказ айыл аймагында улантылды. Өкүл айыл өкмөтүнүн жаңы имараты менен таанышты. Курулушу 2019-жылы башталып, учурда 2 кабаттуу заманбап имарат 100пайызга аяктаган.
   Имараттын сметалык баасы 5,5млн сомду түзүп, толугу менен жергиликтүү бюджеттен каржыланган.Имаратта бирдиктүү терезе кызматы уюштурулуп,айыл аймак элинин маалыматтык базасы түзүлгөн. Ал эми аталган айыл аймактагы 15орунга ылайыкташкан оорукананын терапия бөлүмүнүн курулушу 15 млн сомго, Араб мамлекетинин Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын колдоосу менен курулууда.Учурда имараттын жанына төрөт үйүн жана балдар бөлүмүн да куруу пландалууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here