Сүлүктү көмүр шахтасындагы 4 адамдын өлүмү облустук сотто карала баштады.

0
599

Баткенде иштебей турган көмүр шахтасында каза болгон төрт адамдын жакындары менен шахта жетекчилигинин иши бүгүн, 24-ноябрда облустук сотто карала баштады.

5-октябрда ишти Сүлүктү шаардык соту карап, шахта жетекчисин мамлекетке 280 миң сом айыппул төлөөөгө милдеттендирген чечим чыгарган. Жабыркаган тарап мындай жазаны жеңил деп баалап, облустук сотко кайрылган.

Шахта жетекчиси Эргешбай Мадаминов күнөөсү жок экенин айтып, шахтанын кире бериши жабык турганын билдирген жана шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарууну суранып облустук сотко кайрылган.

Быйыл 23-июнда Сүлүктү шаарында «Кенчилер-Береке» шахтасында газ чыгып, кырсыктын кесепетинен эң кичүүсү 19, эң улуусу 73 жаштагы үч эркек жана кош бойлуу бир келин газга ууланып каза болгондордун жакыны Шииев Равшанбек Бизге айткан маалыматка караганда, мал жайып жүргөн адам кароосуз калган шахтага мал издеп кирип иске ууланган жана аны артынан издеп барган уулу, келини, небереси да ууланып, ошол жерден каза тапкан. Жабыркаган тарап иштебей калган шахта тосулбаганын, эскертүү белгилери орнотулбаганын айтып, төрт адамдын өлүмү үчүн жооптууларды жазалоону талап кылууда.

Сот тараптардын көрсөтмөсүн угуп, күбөлөрдүн жана окуяны иликтеген комиссиянын мүчөлөрүн угуш үчүн кийинки отурумду 8-декабрга белгиледи.

2019-жылы Баткен облусу боюнча көмүр шахталарында кырсыктан улам 10 адам каза болгон.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here