Чек арадан аткезчилик жүк кармалды

0
707

2020-жылдын 22-ноябрь күнү саат 22.20 чамасында Кадамжай районунун Марказ айыл өкмөтүнүн Достук жерлигинде “Солидарность 2019-2021” чек ара операциясынын алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде аткезчилик жүк кармалды. Бул тууралуу  өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгы, облустук мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери менен биргеликте Кыргыз Республикасынан Өзбек Республикасына, КР жараны тарабынан турмуш тиричиликке керектелүүчү буюмдарды аткезчилик менен алып өтүү аракеттери жүрүп жаткан кезде кармалды.

Кармалган аткезчилик жүктүн болжолдуу баасы 200 000 сомду түзөт.

Кармалган контрабанда жүккө карата тийиштүү иш кагаздар толтурулуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде чара көрүү максатында Бажы кызматына өткөрүлүп берилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here