Баткен өсүмдүктөр карантини башкармалыгынын имаратынын курулушу башталды

0
943

КР Айыл чарба тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов Баткен шаарында, Баткен өсүмдүктөр карантини башкармалыгынын имаратына капсула салышты.

Имараттын жалпы сметалык баасы 10млн 650миң сом. Курулуш   2021жылдын апрель айына бүткөрүү пландалган. Бул Кыргызстан боюнча алтынчы өсүмдүктөр карантин имараты, лаборотория ишке кирсе экспорт менен иштеген ишкерлердин түйшүгүн жеңилдетет.

Имаратта лабораториялык кааналар, окуу кааналары,иш бөлмөлөрү жана башка тийиштүү болгон бардык шарттар каралган.

Кыргызстандын  Евразия экономикалык биримдигинде мүчө болуусу менен, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды жөнгө салууга  өзгөчө маани бериле баштаганы маалым. Бул аракеттер өсүмдүктөрдүн карантиндик чараларын коргоого шарт түзүүдө.

Ишкананын курулушу, аймактагы кооптуу, зыяндуу, продукциялардын  таркалышын алдын алууда  коопсуз жана натыйжалуу ыкмаларын колдонуу менен иш алып барууга өбөлгө болот. Бул аракет биринчи кезекте айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр жана ишкерлердин ишин илгерилетүү максатын көздөйт.Анткени буга чейин Баткенде лабораториянын жоктугунан,экспорттоочу продукциянын сапатына күмөн жаралган учурда Ош шаарындагы лабороториядан текшерүүгө мажбур болушкан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here