Юстиция министрлигинин калкка бекер укуктук жардам берүү Декадасы башталды.

0
573

2020-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор тарабынан уюштурулган калкка бекер укуктук жардам берүү Декадасы башталат.

Декаданын негизги максаты — калктын аяр катмарынын укуктук корголуу деңгээлин жогорулатуу, элге укуктук жардам көрсөтүп, укуктук сабатын жогорулатуу, сот адилеттигине жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо, жарандардын мыйзамдуу укуктарын, кызыкчылыктарын жана эркиндигин ишке ашырууга көмөктөшүү. Ошондой эле, бул декада 10-декабрда белгиленүүчү Адам укугунун күнүнө арналат. 1948-жылы дал ушул күнү БУУнун Генралдык Ассамблеясы Адам укуктарынын жалпыга бирдей декларациясын кабыл алган.

Декаданын алкагында юстиция органдарынын, аймактык юстиция башкармалыктарынын алдындагы калкка акысыз укуктук кеңеш берүү борборлорунун кызматкерлери, мамлекеттик нотариустар, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча координаторлор, башка да мамлекеттик органдардын кызматкерлери, ишмердүүлүгү укуктук жардамга байланышкан бир катар коммерциялык эмес уюмдар, Координациялоо Кеңешинин мүчөлөрү, ошондой эле Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборун өнүктүрүүчү Улуттук тармак жана ЖОЖдордун юридикалык клиникалары бүт өлкө боюнча акысыз укуктук-консультациялык жардам көрсөтүшмөкчү.

Декаданын алкагында эртен 1 декабрда саат 13 00до салам радиосунда туз эфирде укук боюнча каалаган суроолорунузга жооп алсаныз болот.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here