Баткенде  83 млн сомдон ашуун суммага мектептин курулушу башталды

0
746

Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Чоң-Талаа  айылында  225 орундуу Чоң-Талаа орто мектебинин курулушу башталды. 

Мектептин курулушуна капсула салуу аземине жергиликтүү жеткечилер жогорку кеңештин депутаты жана АРИС уюмунун өкүлдөрү, жергиликтүү  тургундар  катышты.  

Мектеп үчүн айыл өкмөтү тарабынан 1,4 га жер аянты ажыратылган.

Курулуучу мектеп 2 кабаттан турат. 225 орунга  ылайыкташтырылган. Мектепти  куруу мөөнөтү  2023-жылдын апрель–август айлар аралыгы деп белгиленген. 

Курулуштун тендердик баасы  83,2  млн сом.

Белгилей кетсек, 2021-жылы курулган мектеп, өткөн жылда  чек арада куралдуу жаңжалда жабыр таркан болчу. 

Бул мектеп Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен АРИС уюму тарабынан каржыланат. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here