Кечээ 23 апрельде Баткен шаарынын жана Баткен районунун мектептеринде президенттин жарлыгына ылайык спорттук иш чара өттү. Жыйынтыгында кубок ээлери болуп:
-45 жашка чейинкилер арасында Баткен шаарынын командасы жеңип алды.
-45 жаштан жогоркулар арасында Кадамжай районунун командасы жеңди.
-Кыз- келиндер арасында Баткен районунун командасы жеңишке жетти.
Жеңүүчүлөргө президенттин Баткен облусундагы өкүлү кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктарын тапшырды. Ал эми жеңүүчү болгон кыз-келиндер командасына Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо берилди. Эскерте кетсек, облустук мелдешке жалпы 25 команда катышты. Спорттук иш чара өлкө башчынын “Инсандын руханий-адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” жарлыгынын алкагында, облус элинин ынтымагын,биримдигин чыңдоо,коомчулукту сергек жашоого үндөө максатында уюштурулду.