Кызыл-Кыяда диний-экстремистик уюм аныкталды

0
881

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматта, Кызыл-Кыя шаарында «Хизб-ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун жашыруун ячейкасынын 4 жетекчиси кармалды. Шектүүлөр конспирациялык негизде экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында диний сабактарды өткөрүп, эл менен чогулуштарды ай сайын уюштуруп келишкени жазылган. 

Кармалган жарандардын жашаган жерине тинтүү иштери жүргүзүлүп, көп сандагы экстремисттик адабияттар жана тиешелүү материалдар сакталышы мүмкүн болгон электрондук приборлор табылып алынган.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here