Баткенде чек ара жаңжалында жабыркаган ишкерлердин он беш миллион сомдук карызы кечирилет

0
612

13-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында финансы министринин орун басары Улугбек Календеров белгилегендей, мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин “2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндөгү” токтомуна ылайык мурда бөлүнгөн 15 млн сом суммасындагы бюджеттик кредитти эсептен чыгаруу максатында иштелип чыккан.

Тактап айтканда, чек арадагы жаңжалда жабыркаган 75 ишкерге 200 миң сомдон берилген кредитти кечүү сунушталды.

Баткенде ишкерлер жалпы 311 млн 43 миң сомго жабыр тартышканы маалым. тизмеге Баткен районунан 2, Лейлек районунан  73 ишкердик субъект кирген.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here