Облустук милициянын Жол кайгуул кызматы, 20-сентябрь күнү Кадамжайдын Айрыбаз айыл аймагында жол кырсыгы катталып, 17 жаштагы өспүрүм каза болгонун кабарлады.
Маалыматка ылайык, 22:46 чамасында маркум 17 жаштагы тургун «Дэу-Ланос» үлгүсүндөгү унаа менен Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 104-чакырымында чыгыштан-батышты көздөй бара жатып, жолдун оң жагына чыгып, жол кырсыгына кабылган. Катыйжада өспүрүм, алган жараатынан улам, окуя болгон жерде көз жумган. Ал эми унаадагы 17 жаштагы эки жүргүнчү аймактык ооруканага жеткирилген.
Облустук Жол кайгуул кызматынан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын сегиз айында өспүрүмдөр катышкан 44 жол кырсыгы катталып, алты өспүрүм көз жумган.