Мамлекеттик Бажы кызматынан билдиришкендей, Кадамжай районунда Ош-Баткен унаа жолунда «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү унаа текшерилген.Анын жүк бөлүгүнөн 1800 кг түзгөн бодо малдын шыйрактары табылган. Жүктө бажылык тариздөөнү тастыктаган документи жок болгон.
Аткезчилик жүккө «Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө» токтомунун негизинде азык кооптуу тамак-аш продукциясы болгонудугуна байланыштуу жок кылуу тартиби жөнүндө акты түзүлгөн.
Жүктү ташыган тургунга 7500 сом өлчөмүндө айып салынып, чогултулган материалдар Баткен облустук ветеринария башкармалыгына өткөрүлүп берилди.