Кызыл-Кыяда  үч гектардан ашун жер тилкеси имараттары менен мамлекетке кайтарылды

0
36

Кызыл-Кыя шаарында мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 3,61 га жер тилкеси, жалпы сметалык баасы 681 миллион сомдон ашык болгон имараттары менен кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти. 

Ага ылайык, мындан сырткары, шаар аймагында аянты 3,5 га жер участогу белгиленген салыкты төлөөдөн качуу максатында укукту күбөлөндүрүүчү документти алууда чектеш аймактарга ээлик кылган жеке адам тарабынан мамлекеттик актыга киргизилген эмес. Андыктан баасы 280 млн. сом болгон жогорудагы жер тилкеси да Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын балансына кайтарылды.

Атайын кызмат,  мыйзам бузуу менен менчиктештирилген объекттерди мамлекеттин балансына кайтарууну улантарын кошумчалады. 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here