Кыргыз тилин оңой  үйрөнүү боюнча тиркеме иштелип чыкты

0
48

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия “Кыргызча оңой”/“Easy Kyrgyz” деп аталган кыргыз тилин үйрөнүү боюнча мобилдик тиркеме иштеп чыкты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, тиркемеде орус, англис тилдүүлөргө кыргыз тилин жеңил үйрөнүү шарты каралган. Тиркеме бардык системадагы смартфондорго жеткиликтүү.

2023-жылы 17-июлда Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт.

Бүгүн, 23-сентябрда өлкөдө мамлекеттик тил майрамы белгиленип жатат. Мындан 35 жыл мурун 23-сентябрда Кыргыз ССРнин Жогорку Совети Кыргыз ССРнин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here