Баткенде бир жумада белгиленген ылдамдыктан ашып айдаган 163 айдоочу аныкталды

0
63

Бул тууралуу Салам Медиага облустук милициянын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат катчысы Бектемир Мамытов билдирди.

Анын маалыматына таянсак, Баткен облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  тарабынан ушул жылдын 16-сентябрынан 22-сентябрына чейин  1064 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Алардын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-44;

-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -18;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 163;

-Мыйзамсыз терезелерин карангылатып алган -1;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 838;

-Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 130 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here