Кызыл-Кыяда жасалма акча менен кийим сатып алган тургун кармалды

0
70

Кызыл-Кыя шаарында 33 жаштагы тургун  ушул жылдын июнь айында жасалма 100 АКШ долларын колдонуп, кийим сатып алган. Бул тууралуу маалымат боюнча  шаардык милиция  жазык кодексинин “Жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо” беренесинин негизинде кылмыш ишин  козгоп, шектүү жаранга издөө жарыяланган.

Шектүү ноябрь айынын башында кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-жол» өткөрмө пунктунда кармалган. Учурда убактылуу кармочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here