Өзгөчө кырдаалдар министирлигинен билдиришкенге караганда, кечээ 25-январда өрт шаардын Орозбеков көчөсүндө катталган. Кырсыктын кесепетинен 74 чарчы метр үй толугу менен күйүп кеткен.
Маалыматка караганда, өрт электр зымдарынын чыңалуусунан келип чыккан.
Ушул эле күнү Лейлек районунун Кулунду айылында да катталган. Маалыматка таянсак, кырсык айылдын Жапоров көчөсүндө болгон. Өртүн кесепетинен жалпы аянты 168 чарчы метр 3 бөлмөсү толугу менен күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.
Белгилей кетсек, ӨКМдин өрткө каршы жана куткаруу кызматтарынын маалыматы боюнча бир сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган.