Баткен шаарында былтыр буудай эки эсе көп өндүрүлгөн

0
743

2022-жылдын жыйынтыгы менен Баткен облусунда коллегиялык жыйындар башталды. 25-январда Баткен шаардык мэриясынын коллегиялык жыйыны өткөрүлдү. Жыйынга КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, шаар мэри Имамназар Бурканов, шаардык кеңештин төрагасы Алтынбек Аширов жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйында шаардын бардык тармактар боюнча отчеттору угулду. Ага ылайык, мамлекеттик салык жана төлөмдөрдүн планы дээрлик 180 млн сомго аткарылып, 104,3%ды түзгөн. Тагыраагы 57 млн сомго көп чогултулган.

Ал эми шаарда буудай даны өткөн жылга салыштырмалуу 2 эсеге көп жыйналган. 2021-жылы 48 тонна түшүм алынса, 2022-жылы 227 тонна түшүм алынган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here