Ошто 51 жылдан кийин мезгил капсуласы ачылды

0
947

26-январда Ош шаарында 1972-жылдын жаштары азыркы замандын жаштарына кайрылуу жасаган мезгил капсуласы ачылды. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, мэриянын Жаштар иштери боюнча комитетинин кызматкерлери, 1972-жылы капсула салууга катышкандар, жаштар, шаардын активисттери катышты.

Иш-чаранын алкагында 50 жыл мурун капсула коюунун күбөсү, Ош шаарынын тургуну Ольга Корчагина 1972-жылдагы жаштардын кайрылуусун бардык катышуучуларга окуп берди.

“Коомубуздун биримдигин көздүн карегиндей ар дайым сактап, көп улуттуу өлкөбүздүн элдеринин достугун чыңдай бергиле. Ата Мекенди коргоп, элдин бактысы үчүн бүт күчүңөрдү, керек болсо өмүрүңөрдү да берүүгө дайым даяр болгула. Маданий деңгээлиңерди, дүйнө таанымыңарды тынымсыз жогорулаткыла, көз карашыңарды кеңейтип, билим алуудан талбагыла” – деп жазылган катта.

Ага улай Жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы Жаныш Жусупбеков Келечекке жаңы катты — 2073-жылдын жаштарына жазылган кайрылууну окуп берди. Аны да 50 жылдан кийин ачуу пландалууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here