Баткен облусунда өткөн жылы жол кырсыгынан 51 адам каза тапкан

0
605

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн маалыматына таянсак, облуста 2021-жылы 339 кырсык катталган болсо, 2022-жылы 313  кырсык болгон.  Адам өмүрүн алган жол кырсыгы 2021-жылы 46 болсо,  ал эми  2022-жылы 51 учурга  жеткен. Жол кырсыгынан каза болгондордун 11 жашы жете элек өспүрүмдөр.

Адистердин айтымында жол кырсыктарынын негизги себеби жол эрежелерине баш ийбегендик, шашып каршы тилкеге чыгуу,  ылдамдыкты ашыруу, айдоочулардын айдоо маданияты жоктугу,  кайдыгер мамилеси,  айдоо күбөлүгүн сатып алуусу болууда. 

 

 

Бул макала Салам Медиа басылмасынын автордук менчиги болуп саналат. Макаланы сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана алыңыз же болбосо авторун белгилеңиз.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here