Баткенде жаңы автобусттар каттамга чыкты

0
1630

Баткен шаарында жаңыдан келген автобустардын үчөөсү маршруттук каттамга чыкты. Бул тууралуу шаардык бийликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, автобусттар Жибек жолу, И.Жусупов, Сайдиман ажы, К.Тумаматов, И.Раззаков көчөлөрүндө, Чет-Булак кварталы боюнча жүрөт.Калган 3 автобустардын лицензиялары даяр болуп, уруксат берилсе кошумча маршруттук каттамдар коюлат. Жол акысы үчүн шаардыктар 15 сомдон төлөшөт.

Белгилей кетсек, автобусттар узаган жылдын ноябрь айында Айыл банкы тарабынан бир даанасы 3 млн 70 миң сомго лизингге алынып келинген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here