Чек арадагы калабада курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жаракат алгандарга мамлекет тарабынан 1 млн. сомдон төлөнүп берилген. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 12-декабрда Баткен облусундагы иш сапары учурунда быйыл сентябрда тажик тараптын кол салуусунан курман болгондордун жакындары жана жарадар болгон жарандар менен жолугушууда айтты.
Министрдин айтымында, 12 үй-бүлөгө 1 млн. сомдон берилди. Алар курман болгондордун жакындары, ал эми ар кандай жаракат алган 10 адамга 100 миңден 300 миң сомго чейин берилген.
Сентябрь айында Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын кесепетинен 63 адам курман болуп, 206 киши жаракат алган. Мындан тышкары 140 миңдей жаран коопсуз аймакка качууга аргасыз болгон.