Баткенде быйыл жол кырсыгынан 45 өмүр кыйылды

0
1741

Баткенде бир жыл аралыгында жол кырсыгынан ондон ашуун өспүрүм каза тапты. Жыл ичинде облус аймагында 277 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 45 адам өмүр менен коштошту. 

Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкенге караганда, былтыр облус аймагында 311 авто кырсык катталган. Жол кырсыктары быйыл былтыркыга салыштырмалуу аз болгону менен андан каза болгондордун саны 5 адамга көп. Өткөн ноябрь айынын акыркы он күнүндө эле Баткен-Ош жолундагы кырсыктардан 10 адамдын өмүрү кыйылган.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here