Кулундуда Тажикстанга жер семирткич өткөрмөкчү болгон жаран кармалды

0
3256

Баткенде 30 тонна жер семирткичти Тажикстанга аткезчилик жол менен алып өтүү фактысы катталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык бул жүк Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарында жайгашкан кампалардын биринен жүктөлүп, Лейлек районунун Кулунду айылына алып келинген.

Жүктү таразага тартууда «Кольцо» транспорттук контролдоо пунктунун кызматкерлерине ашыкча салмагы үчүн 113 миң 500 сом айып салынды.

Көрсөтүлгөн жүктүн ээси – Кулунду айылынын тургуну жана аткезчилик менен алектенген жаран экендиги аныкталды.

Аталган факты Автоматташтырылган маалымат системаларынын маалымат журналына катталып, ишти аныктоо боюнча тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here