Баткенде сасык тумоо күч алды

0
2127

Баткен облусунда да сасык тумоо күч алып, бейтаптардын көпчүлүгү беш жашка чейинки жаш балдар болуп жатат. Облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан учурда Баткен шаарында эле күнүнө сасык тумоого чалдыккан 20 чакты адам кайрылып жатканын кабарлашты. Дарыгер Айзада Айдарали кызы бул күз, кыш мезгилине тиешелүү көрүнүш экенин, оору айрыкча беш жашка чейинки балдар арасында көп катталып жатканын жана анын коронавируска эч кандай тиешеси жоктугун билдирди. “Бул жөнөкөй эле сасык тумоо, болгону убагында дарыланбаса дем алуу жолдорунун үстүңкү, астыңкы жактарын жабыркатат. Фарингит, ларингит, бронхит жакшы дарыланбаса пневмонияга өтүп кетет”, — дейт дарыгер.

Кыргызстан боюнча 5-11-декабрь аралыгында курч респиратордук вирустук инфекциянын 13 миң 993 жана сасык тумоонун 14 миң 78 учуру катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бул көрсөткүч өткөн жумага салыштырмалуу 1,5 эсеге көп.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here