Шаардык бийлик, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу комитети, укук коргоо органдары активдүү жарандар менен биргеликте уюштурган бул акция коомдун үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка каршы аракеттерин жогорулатуу, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу максатын көздөйт.
Шаардык милициянын маалыматына караганда, быйыл облус борборунда өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук учуру катталган жок. Бирок үй-бүлөлүк зомбулуктун 13 учуру болгон.
Жөө жүрүшкө катышкан окуучулар менен студенттер зордук-зомбулукту болтурбоо ураанын көтөрүштү.
Тилекке каршы жүрөк титиретип, адам үшүн алган зордук-зомбулуктар быйыл Баткен облусунун аймагында да болду. Мындан 3 ай мурда Кадамжай районунда 14 жашар кыз зомбулуктун курмандыгы болгон. Бул үрөй учурган окуя коомчулукта кызуу талкуу жаратып, зордук зомбулакка каршы чараларды күчөтүү зарылдыгын айгинеледи.