Энергетика министрлиги “Кыргыз улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун бардык филиалдары 2022-2023- жылы кышка даяр экенин тастыктаган паспортторун алышты.
Бул паспорт электр тармактар комплексинин ишенимдүү жана туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон бардык шарттардын аткарылгандыгын тастыктаган документ.
Аталган паспортту алуу үчүн региондогу электр тармактар ишканалары пландык, капиталдык оңдоолор, көмөк чордондорду жана электр берүүчү чубалгыларды модернизациялоо боюнча иштер жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары электр жабдууларын суу ташкындарынан коргоо боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлүп, имараттар жана авто унаалар оңдоодон өткөрүлдү.
Кызматкерлер атайын кийимдер жана керектөөчү материалдар менен камсыз болду.
Комиссиянын курамында КРдин Энергетика министрлигинин, Улуттук энергохолдингдин, Энергетикалык көзөмөл кызматынын жана «КУЭТ» ААКнын өкүлдөрү бар.
Белгилей кетсек, «КУЭТ» ишканасынын өлкөдө 8 филиалы бар.