Кыргыз парламенти Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын чек арадан өтүүсүн жеңилдеткен келишимди жактырды.
Бул келишимдин негизинде эки өлкөнүн жарандары чек арадан ID-карт менен, балдар жалпы жарандык паспорт менен өтсө болот. Азырынча бул макулдашуу качан ишке кирээри айтыла элек.
Учурда кыргыз-өзбек жарандары чек арадан жалпы жарандык паспорт менен өтүп келет.