Снаряд түшкөн мектептин ордуна жаңы мектеп курулат

0
529

Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы Абсамат Масалиев мектебинин эски имаратына кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы куралдуу жаңжалда снаряд түшүп, жараксыз абалга келген. Мындан улам мектепти кайра куруу чечими кабыл алынып, учурда эски мектеп бузулууда. Бул тууралуу “Салам медиага” аталган айылдын башчысы Абдилла Исаков билдирди.

Бактыга жараша эски мектепке жанаша салынган эки кабаттуу жаңы имаратка зыян тийген эмес.

Түзүлгөн кырдаалдан улам учурда бул мектепте нормадан 3 эсе ашык бала билим алууда. Эски мектептин ордуна кошумча окуу класстары курулса, азыркы ыңгайсыздыктар жеңилдемек дейт мектеп директору Кубаныч Жолдошов.

Баткен райондук билим берүү бөлүмүнун башчысы Олжобай Мажилимовдун билдиргенине караганда, чек арадагы окуяда жалпы 22 билим берүү мекемеси ар кандай деңгээлде жабыркаган.

Алардын 12си мектеп, 10у бала бакча. Көпчүлүгү ондоп түзөөдөн өтүп, окуу процесси уланууда. Ал эми толук өрттөнүп кеткен Достук жана Ак-Сай айылындагы орто мектептердин окуучулары учурда убактылуу жашап жаткан жериндеги мектептерде окуп жатышат.

Мектепке барууга мүмкүнчүлүгу жок балдар онлайн окууда.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткенге болгон иш сапарында Ак-Сай айылында 275, Капчыгай айылында 100 , Достук айылында дагы 100 орундуу жалпы билим берүү мекемеси, 30 орундуу бала бакча АРИСтин долбоорунун алкагында курулат деп билдирген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here