Чек арадагы абал боюнча облус башчысы маалымат берди

0
1285

Чек арадагы абал боюнча облус башчысы маалымат берди
Баткен облусунун жетекчиси Абдикарим Алимбаев жекшемби күнү чек ара аймактарын кыдырып, абал менен таанышып келгенин Фейсбуктагы баракчасына жазды. Облус башчысы

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Көк-Таш, Ак-Сай, жана Капчыгай айылдарында болгонун жана чек ара айылдарында абал тынч экенин билдирди.

Алимбаев аны менен катар чек арада кызмат өтөп жаткан чек арачылардан жана куралдуу жаңжалда жараксыз абалга келген үйлөрдүн курулушунан кабар алган.

Өткөн ишемби күнү Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участкасынын тургуну менен Тажик Республикасынын Исфара районунун Майский айылынын тургундарынын ортосунда пикир келишпестиктен мушташ чыгып, эки тараптан эл чогула баштаган.

Натыйжада тиешелүү кызматтар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, чогулган элди тараткан.

Бул окуядан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын, ички иштер министрликтеринин жана УКМКнын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жолугушуп, тараптар чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарынын ортосунда чагымчылдыкка жана кырдаалдын курчушуна жол бербөөнү макулдашты.

Мушташ фактысы ИИМдин аймактык органдары тарабынан иликтенип, мындан тышкары бул аймакка ИИМдин кошумча топтору жиберилери айтылган.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here