Кыргыз-тажик чек арасындагы азыркы абал

0
3610

Бүгүн  3-декабрь күнү саат 11:30дар чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участкасынын тургуну менен Тажик Республикасынын Исфара районунун Майский айылынын 3-4 тургуну  пикир келишпестиктен улам чыр чыгып, кыргыз жаранын тажик жарандары ур-токмокко алган.

Бул тууралуу облустук милициядан маалымдашты.

Жыйынтыгында эки тараптан тең жараат алгандар болуп, тарапташтар окуя болгон жерге жыйнала баштаган.

Кыргыз-тажик  милиция кызматкерлери жерине барып, чогулган элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жыйналган элди таркатышкан.

Бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Баткен жана Исфара райондорунун милициясынын жетекчилеринин сүйлөшүүсүндө кыргыз жаранына кол көтөргөн тажик тургундарына мыйзам чегинде чара көрүүсү белгиленген.

Азыркы учурда эки элдин коопсуздугун сактоо максатында эки тараптан милициянын күчөтүлгөн кайгуул күзөттөрү  жүрүүдө, абал туруктуу.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here