Чек арада жабыркаган жарандардын 19 миллион сомдук насыясы кечирилди

0
518

Баткен облусунда акыркы Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган жарандардын 19 млн сомдук кредити кечирилди.  Бул тууралуу Улуттук банктан төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков бүгүн Жогорку Кеңештеги «Ишеним» фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мындан сырткары 36 млн сомдук карызы реструктуризацияланды.

Мындан сырткары, Баткен облусунун насыя алуучуларына кредит алуу жолдорун жеңилдетүү каралып жатат.

Буга чейин Улуттук банк ноябрь айына карата финансы-кредит уюмдарынан алынган маалыматтар боюнча 372 карыз алуучу кайрылып, 18 млн 883 миң сомго барабар болгон 268 кредит жоюлганын, 20 млн 885 миң сомго жеткен 64 кредиттин келишимдик шарттары өзгөртүлгөнүн, же болбосо төлөм мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу менен жаңыдан график түзүлгөнүн кабарлаган.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here