Чек арада социалдык шаарча пайдаланууга берилди

0
1522

Баткен районундагы Ак-Сай айылында мындан бир жыл мурда курулуп баштаган социалдык шаарча пайдаланууга берилип, социалдык жактан муктаж болгон 10 үй-бүлөгө батирлер тапшырылды. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматынан кабарлады.

Шаарчанын салтанаттуу ачылышына курулушту толугу менен каржылаган Бириккен Араб Эмираттарынын Human Appiel International Эл аралык гуманитардык уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалынын директору Али Айоуб, аталган уюмдун жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Социалдык шаарча 12 турак үйдөн, алардын ар бири 4 бөлмөдөн турат. Батирлерде жашоо үчүн керек болгон бардык шарттар түзүлгөн. Шаарчанын айланасына ФАП, балдар бакчасы, тигүүчү цех жана мечит салынат. Ошондой эле таза суу линиясы тартылган. Ар бир үй таза суу менен камсыз болот.

Бул үйлөр багуучусу жана турак жайы жок балалуу аялдарга кайтарымсыз берилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here