Акылбек Жапаров Баткендеги калыбына келтирүү иштерин жеринде көзөмөлгө алууда

0
550

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Баткен облусуна болгон иш сапары уланууда.

Акылбек Жапаров жумушчу сапарынын алкагында Лейлек жана Баткен райондорундагы Тажикстан Республикасы тараптан куралдуу агрессиянын кесепетинде жабыркаган турак үйлөрдү жана социалдык, инфраструктуралык объектилердин калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы Лейлек районунун Максат айылындагы милиция бөлүмүн жана фельдшердик-акушердик пунктту көрүп чыкты, анда капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн.

Фельдшердик-акушердик пункт «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси тарабынан оңдолуп, учурда жашоочуларды кабыл алууда. Жалпысынан мекеме 900дөн ашуун жергиликтүү тургундарга медициналык жардам көрсөтөт.

Төрага Баткен районунун Капчыгай, Самаркандек жана Достук айылдарында да болду.

Министрлер Кабинетинин башчысы курулуш иштерин сапаттуу жана өз убагында жүргүзүүнүн, үйлөрдү жылуулук жана ыңгайлуу жашоо үчүн башка зарыл шарттар менен камсыз кылууну белгиледи.

Маалыматка ылайык, Ак-Сай айылында — 275 орундуу мектеп, Капчыгай айылында — 100 орундуу мектеп жана Достук айылында. 100 орундуу жалпы билим берүү мекемеси, фельдшердик-акушердик пункт, 30 орундуу бала бакча курулат. Белгиленгендей, социалдык объектилер АРИС уюмунун долбоорунун алкагында курулат.

Министрлер Кабинетинин башчысы Самаркандек айылындагы курулушу 2023-жылдын жаз айларында жыйынтыктала турган 75 орундуу оорукананын курулушу менен да таанышты.

Андан соң Акылбек Жапаров курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Ал Баткен облусуна бөлүү пландалган 6-8 млрд сомдун 4,1 млрд сомго жакыны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тиешелүү эсептерине түшкөнүн кошумчалады. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атайын эсебине 330,75 млн сом кайрымдуулук жардам катары түшүп, анын 138,4 млн сому чек ара чатагынан жабыркаган жарандарга компенсация катары берилген.

Аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик программасын ишке ашырууга 250 млн сом бөлүнгөн.

«Капиталдык салымдар» беренеси боюнча каралган 3 млрд сомдун 1,3 млрд сому каржыланган, анын ичинен 1 млрд сому – турак жайларды курууга, 300 млн сому жолдорду жана көпүрөлөрдү реконструкциялоого багытталган.

Белгилей кетсек, төрага үч күндөн бери Баткен облусунда иш сапары менен жүрөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here