Кадамжайда күйдүргү илдетине чалдыккан 3 адамдын абалы жакшырууда

0
883

26-октябрда Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Үч- Коргон айыл өкмөтүнүн Балакыш айылында сибирь жарасы менен 3 адам ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон.

Учурда оорулуулардын абалдары жакшы, алар дарыланууда дейт Баткен райондор аралык сан-эпид көзөмөлүнүн башкы дарыгери Асель Кошбаева.

Анын айтмында, оору алгач бир адамда катталып, экөөсү күмөндүү болгон,анализдин жыйынтыгында сибир жарасы аныкталган. Кийин дагы 41 адам байланышта экени аныкталган.

Ооруга чалдыккан адам Үч-Коргон аймагынын тургуну болуп чыккан. Ал 9-октябрда Ноокат районундагы Тактек жайлоосунан 6 баш уюн жүктөп келип, арасында ыландап турган малын союп, эт саткандарга тапшырат. 19-октябрь күнү эт саткан касапка жара чыгат. Өз алдынча жараны дарылоого аракет жасап, дарыга насыбайды аралаштырып сүртүп, жараны ырбатып жиберет.

Ылаңдаган малын сойдурган жаранга 5500сом айып пул салынган.

Сибирь жарасы- адамдар менен жаныбарлар ооруй турган инфекциялык оору ,эл аралык медико-санитардык эреже боюнча абдан коркунучтуу инфекциялардын тизмесине кирет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here