Министрлер кабинети Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызматтык иш учурунда жабыр тарткан, майып болгон же курман болгон учурда бир жолку жөлөкпулдарды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитти.
Эгерде кызматкер кызмат өтөө мезгилинде жеңил жаракат алган учурда ага алты ай үчүн, оор жаракат алган учурда – бир жыл үчүн акчалай камсыздоо өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет.
Кызматкердин кызмат өтөөсүнө байланышкан майыптыгы аныкталган учурда, ага төмөнкүдөй өлчөмдөгү бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет:
– I топтогу майыпка – беш жылдык акчалай камсыздоо;
– II топтогу майыпка – төрт жылдык акчалай камсыздоо;
– III топтогу майыпка – үч жылдык акчалай камсыздоо.
Кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу жабыр тарткан учурда, кызматкерге беш жылдык акчалай камсыздоо өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет.
Кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу кызматкер каза болгон же кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу алган жаракаттын, контузиянын же оорунун кесепетинен кызматтан бошотулгандан кийин курман болгон учурда, каза болгонду (курман болгонду) он жылдык акчалай камсыздоо өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет.