Президент Садыр Жапаров милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Өлкө башчысы дээрлик бир кылымга тете мезгилде кыргыз милициясы канчалаган оор сыноолорго татыктуу туруштук берип, ары даңазалуу, ары сыймыктуу жолду басып өткөнүн, азыр да элибиздин бакубат турмушун камсыз кылуу үчүн өз өмүрлөрүн тобокелге салуу менен күнү-түнү иштеп жатканын баса белгилеген.
Ошондой эле президент: “Өлкөбүздүн бүтүндүгүн коргоодо Баткен жергесинде канын-жанын аябай курман болгон Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин көрсөткөн эрдигине башымды ийип таазим кылам. Алардын эрдиги элибиздин эсинде түбөлүккө сакталып, өсүп келе жаткан муунга үлгү катары кызмат өтөйт. Маркум баатырларыбыздын үй-бүлөлөрү жана жакындары дайыма мамлекетибиздин көңүл борборунда болуп, камкордукка алынат”, — деп белгилеген бул куттуктосунда.
Бүгүн кыргыз милициясы түзүлгөнүнүн 98 жылдыгын белгилөөдө.