Ассоль Молдокматова Баткендеги аскер кызматкерлерине жана окуучуларга гум жардам жеткирди

0
1253

27- октябрда коомдук ишмер Ассоль Молдакматова чек арачылар жана окуучулар үчүн гуманитардык жардам алып келди. Ал Бөрү атайын багыттагы аскер кызматкерлерине жана Лейлек районундагы №3- эксперименталдык гимназия мектебинин окуучуларына, мугалимдер жамаатына жеринде жардам көрсөттү.


Бул ирет коомдук ишмер, аскер кызматкерлерине кийим кече,керектүү буюмдарды, окуучуларга гигиеналык каражаттарды тапшырды.
Аталган мектептин негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов, Ассоль Молдокматова буга чейин да гимназиянын окуучулары менен жолугушуп кеткенин белгилеп, ал дайыма алыскы чек ара айылдарындагы балдардын саламаттыгына, жетиштүү билим алуусуна кызыккандыгы, көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык айтты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here