Тажикстандан Кыргызстанга баңгизатын ташып келген эл аралык баңги тобу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Баңги тобу 8-сентябрда ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалып, алардан жалпы салмагы 17 кг 192 гр афган тектүү чарс баңгизаты табылып алынган.
Маалыматта кармалган жарандар Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундары, анын ичинде коррупцияга каршы элдик курултайдын “Элдик палатасы” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү экени белгиленет.
Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул баңги тобунун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп жатат, деп айтылат маалыматта.