Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 9-сентябрда саат 02:29да Баткен облусунун аймагында, очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Лейлек районунун Жаңы-Турмуш, Катраң айылдарында 4 балл, Лейлек, Тогуз-Булак, Маданият айылдарында 3,5 балл, Сүлүктү шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.