Үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 90 миң сом тапшырылды

0
893

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө барды

Шаар башчысы үй-бүлөгө чың ден соолук, жакшылыктарды каалап, 90 миң сомдук материалдык жардам тапшырды.

Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Эске салсак, Нурзада Сатымкулова үстүбүздөгү жылдын 27-июлунда көз жарган. Ал эки уул жана бир кызды жарыкка алып келген. Балдарга Айданек, Шыгай, Абай деп ысым коюлган.

Маалымат үчун белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаарынын жашоочуларына жана жөлөкпул алууга укугу бар жарандарга даректүү социалдык жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык, үч эм төрөлгөндө – 90 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт.

Балдары төрөлгөндө ата-энелер Бишкек шаарында туруктуу каттоого турушу керек,деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here