Эл каттоонун биринчи этабынын жыйынтыктары боюнча өлкөнүн элинин иш жүзүндөгү саны белгилүү болду.Бул тууралуу маалымат Улуттук статистика комитетинин расмий сайтына жарыяланды.
2022-жылдын 1-августуна карата, эл каттоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын калкынын саны 6 млн 977,0 миң адамды түздү.
Эл каттоонун жыйынтыктары боюнча өлкөнүн туруктуу элинин саны 2009-жылдагы эл каттоого салыштырмалуу 13 жылдын ичинде 1,6 млн адамга көбөйдү жана орточо жылдык өсүү темпи 2,1%ды түздү.
Эске салсак, эл жана турак жай фондун каттоонун биринчи этабы 25-марттан 3-апрелге чейин, экинчи этабы 23-апрелден 2-майга чейин өткөн.