Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунун чечими менен, 6 жашар кызды зордуктоого айыпталган жаран, күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын май айында, үч окуучу мектептен үйүнө кайтып келе жатканда 28 жаштагы эркек киши аларды үйүнө чакырып алган. Андан соң ал кыздардын бирин кошуна имаратка алып барып зордуктаган, деп белгиленет маалыматта.
Буга чейин Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашкандай, ыкчам-тергөө аракеттеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектелип Ноокен районунун 1994-жылы туулган тургуну кармалган.
Андан соң шектүүнүн кылмыштуу аракеттери толугу менен далилденип, 2022-жылдын июнь айында соттун кароосуна жиберилген болчу.