АКШ Кыргызстандын мектеп окуучуларына байытылган азык түлүк берүүдө

0
533

Кыргызстандын 24 миңден ашык башталгыч класстын окуучуларына 40 тонна байытылган күн карама майы кошулган ысык, аш болумдуу тамактар берилет. Бул тууралуу АКШ элчилигинен билдиришти.

Учурда байытылган күн карама майы Кыргыз Республикасына келип тушкөн. Ал Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы 120дан ашык айылдык мектептердин башталгыч класстары үчүн берилет.

Мындан сырткары 2022-жылдын сентябрь-октябрь айларында Кыргызстандын башталгыч мектептерине АКШдан ун, күрүч, буурчак жана жасмык сыяктуу жалпысынан 500 тонна азык-түлүк жеткирилет.

Өсүмдүк майы менен камсыздоо АКШнын Айыл чарба департаментинин каржылык колдоосу менен, «Билим берүү жана балдардын тамак-аш азыктары» беш жылдык программасынын бир бөлүгү болуп саналат.

2022-2023-окуу жылында тамак-аштан тышкары 120дан ашык айылдык башталгыч мектептерде коомдук тамактануу жайларын оңдоп-түзөө жана окуучулардын тамактануусу үчүн заманбап ашкана жабдууларын сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Программа ошондой эле окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мектеп суусун жана гигиеналык инфраструктурасын реабилитациялоого көмөктөшөт, ошол эле учурда мектеп кызматкерлери жана ата-энелер балдардын тамактануусун, ден соолугун жакшыртуу үчүн тренингден өтүшөт.

Беш жылдын ичинде МакГоверн-Долдун билим берүү жана балдардын тамактануусу үчүн азык-түлүк программасы Кыргыз Республикасынын алты аймагындагы 400дөн ашык мектепти жана 100 000 баланы камтыйт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here