Баткен шаарында 11 үй-бүлөгө 100 миң сомдон ссуда берилди

0
528

Бүгүн 7-сентябрда Баткен шаарында 11 үй-бүлөгө социалдык жардам берүү максатында ссуда катарында 100 миң сомдук сертификат тапшырылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Буга чейин «Социалдык келишим» долбооруна Баткен шаары жана Баткен районунан жалпы 48 үй-бүлө бизнес-пландарын тапшырышкан. Долбоордун алкагында Баткен шаарындагы 16 жашка чейинки жашы жете элек балдары үчүн “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алган 11 аялуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жеке бизнесин ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Баткен райондор аралык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Сүйүнбай Сатыбалдыевдин айтымында: «Долбоор 3 жылга эсептелген, бул мезгилде насыя алган үй-бүлөлөр жеке бизнесин ачып, жөлөк пулга муктаж үй-бүлөлөр категориясынан чыгышы керек.

Убактылуу жобону ишке ашырууга жыл сайын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бюджетинен 300 млн. сом каралат, деп белгиленет маалыматта.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here