Баткенде “Ынтымактуу үй бүлө” сынагы болуп өттү

0
932

Үстүбүздөгү жылдын 6-сентябрында Баткен районунун Кара-Булак айылында “Дааназат” Коомдук Фондунун “Зомбулуксуз жашоо” долбоорунун алкагында “Ынтымактуу үй бүлө” сынагы болуп өттү.

Сынакка Баткен шаарынын жана районунун аймагынан 10 үй-бүлө катышты.

Алгач үй-бүлө мүчөлөрү “Зомбулуксуз жашоо” деген темада биргеликте тарткан сүрөтүнүн маанисин чечмелеп беришти.Ошондой эле “Үй-бүлөдө орун алган маселени чыр чатакка жеткирбей чечүү ” боюнча суроолорго, үй-бүлөлөр кырдаалдан чыгуу аракеттерин айтып беришти.

Сынактын “Эркин тема”номинациясы боюнча үй-бүлөлөр өздөрү каалаган багытта өз өнөрлөрүн көрсөтүп, позитивдүү маанай тартуулашты.

Катышуучулар Нурила Жуманова жана Нургазы Жайнаковдор, бул иш чара үй-бүлө баалуулуктары тууралуу маалыматтар менен азыктандырган, руханий жактан пайдалуу иш чара болгонун белгилешти.

Сынактын соңунда, калыстар тобу менен катышуучулар ортосунда, үй-бүлөдөгү зордук зомбулуктун чыгуу себептери, балдардын өсүп өнүгүүсүндөгү чыр- чатактардын таасири, зордук зомбулуктун алдын алууда үй-бүлө мүчөлөрүнүн туура мамилеси тууралуу талкуу болду.

Жыйынтыгында бардык катышкан үй-бүлөлөргө уюштуруучулар тарабынан белектер тапшырылды.

“Иш-чаранын максаты коомчулукта зордук зомбулуктун түпкү себептерин алдын алуу жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн өз ара мамилелерин бекемдөө” дейт уюштуруучулар;

Маалыматтык кампания АКШнын Өкмөтүнүн каржылоосу менен Saferwold жана Эл аралык толеранттуулук үчун фонду тарабынан колдоого алынып, милициянын жана калктын социалдык шериктештиги долбоорунун алкагында ишке ашты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here