Ооруканада уурулук жасаган жаран кармалды

0
557

Кызыл-Кыя шаардык милициясынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан ооруканада уурулук кылып жүргөн жаран кармалды.

2022-жылдын 2-сентябрь күнү болжол менен таңкы саат 05:30 чамаларында Кызыл-Кыя шаардык аймактык ооруканасынан “Редми Нот 9” жана “Айфон SE” үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду белгисиз атуулдар уурдап кеткендиги боюнча милицияга арыз түшкөн.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кадамжай шаарынын тургуну 2001-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here