Кыргызстандан бир окуу жай эл аралык алдыңкы окуу жайлардын тизмесине кирди

0
657

Кыргыз-Түрк “Манас” университети жогорку окуу жайлардын эл аралык рейтингинин алдыңкы 1000 университеттин тизмесине кирди.Бул тууралуу аталган окуу жайдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Университеттин үч миссиясы» аттуу окуу жайлардын эл аралык рейтингине Кыргызстандан бир гана “Манас” университети кирген.

Бул рейтинг алтынчы ирет аныкталууда. Тизмеге бир жыл мурда 1 миң 650 жогорку окуу жай кирсе, быйыл алардын саны 1 миң 800гө жетти. Рейтингде 103 өлкөнүн университеттеринин билим, илим жана коом менен иштешүүсү бааланган. “Манас” университети ал тизмеде 935-сапка жайгашкан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here