Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берилди

0
323

Бишкек шаарында шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин катышуусу менен социалдык жардамдын алкагында 64 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттарды тапшыруу аземи өттү.

Социалдык жардам алуу укугуна, жашаган жери боюнча “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуучулар ээ болгон.

Катышуучулардын берилген бизнес-пландарына ылайык, тигүү жабдууларын сатып алууга, соода ишин уюштурууга , кызмат көрсөтүүгө , кондитердик азыктарды даярдоого жана жаңы технологияларды киргизүүгө багытталган.

Долбоордун максаты үй-бүлөлөргө турмуштук оор кырдаалды жеңүүсүнө көмөктөшүү, үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлин жогорулатууга түрткү берүү.

Белгилей кетсек бул долбоор өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашууда

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here